Жолдошбек ажы Абдылдаев: «Ажылыкка кызмат кылган адам жамандык көрбөйт»

САПтын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу көчмө штабдын жыйынтыктоочу жыйыны өткөрүлүп, быйылкы ажылыктагы тейлөө, кызмат жана жооптуулардын иш-аракеттери боюнча баа берилди.

«Ажылыкка кызмат кылган адам эки дүйнө жамандык көрбөйт. Бул сөздү тарых далай ирет тастыктаган. Ушул жыйында олтургандар жер жүзүндөгү эң шарапаттуу озуйпалардын бирин аткардыңыздар. Мындагы ар бир штаб мүчөсү өзүнө берилген тапшырмаларды жана милдеттерди жогорку деңгээлде аткарды. Алла Таалам ибадат менен кошо кылган кызматыңыздарды да кабыл кылсын», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Ал өз сөзүндө ажылыкты уюштуруу жылдан-жылга жакшырып баратканын, бул жыл дагы өтө ийгиликтүү болгонун, буга өлкө жетекчилиги жана тийиштүү мекемелердин салымы чоң экенин белгиледи.

Ал эми УКШнын өкүлү, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев дагы жалпы штабга жана ажы башчыларга ыраазычылык билдирип, эл-журт жана Мекен үчүн дуба кылды.

Айта кетсек, 22-июндан тарта кыргызстандык ажылар Мекенге кайта баштаган. Зыяратчылардын эң акыркы рейси үстүбүздөгү жылдын 8-июль күнү аткарылышы күтүлүүдө.