Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылында Орозакун уулу Узакбай ажы атындагы медресе ишке берилип, саамалыкка Азирети Муфтий жана ДИМК директору катышты

Ысык-көл облусунун Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылында Орозакун уулу Узакбай ажы атындагы медресесинин ачылышы болуп, саамалыкка Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, район акими Байышбек Астанакулов катышты.

Медресенин ачылышында облус казысы Самидин кары Атабаев сөз сүйлөп, узак-жакындан келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

«Ж.Бөкөнбаев айылы райондун борбору болгондуктан калкынын саны боюнча да жылдан жылга өсүп келет. Окуу жайдын ачылышы менен келечекте айылыбыздан Куран жаттаган азаматтар тарбияланып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө да салым кошот деген үмүттөмүн. Жараткан насип кылса мен дагы медресенин иштөөсүнө тыкыр көзөмөл салып, казыят тараптан ар тараптуу колдоого алабыз»,-деди облус казысы.

Ал эми Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров учурда өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилери, кызматкерлери муфтият тарабынан атайын окуудан өтүп жаткандыгын айтып, бул жааттагы иштер бир топ жандангандыгын билдирди.

«Учурда Муфтият бардык диний билим берүү тармактарына өзгөчө көңүл буруп, сандан сапатка өтүү алдында турабыз. Учурда биринчи кадамы катары мугалимдери, жетекчилери жана студенттер менен иштеген персоналдар окуудан өтүштү. Экинчи кадамы август айында башталат. Муну менен катар окуу жайларды бирден кыдырып, ар биринин ишөө системасын көрүп чыгабыз. Биздин келечек муундарыбыз жакшы шартта сапаттуу билим алышы керек. Каада-салт, үрп-адаттарыбызды кошо үйрөнүп, ошол эле учурда акыркы технологияларды дагы өздөштүрүүсү зарыл. Балдар ар тараптуу билимдүү болушу керек. Бир эле убакта компьютерди, интернетти жакшы өздөштүргөн, диний билими мыкты, кошумча ашпозчу же ширетүүчү жана башка кесиптерге ээ болушу керек. Жараткан насип кылса бардыгын бир системага түшүрүп, ирээтке келтиребиз»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети муфтий Ж.Бөкөнбаев айылындагы Орозакун уулу Узакбай ажы атындагы медресесинин курулушуна жакындан жардам көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми калган катышуучулар айыл элин медресенин ачылышы менен куттукташып, окуу жайдын мындан аркы ишине ийгилик каалашты.