Баткен облусунун мусулмандар казыятында экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында баш имам-хатибдерге жыйын өтүп, бир катар тапшырмалар берилди

Баткен облусунун мусулмандар казыятында  экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында баш имам-хатибдерге жыйын өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов катышты. Терс диний агымдарды алдын алууга багытталган жыйында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров аймактарда жүргүзүлүп жаткан агартуу иштери боюнча маалымат берди. Муну менен катар жыйында 6 ай аралыгында аткарылган иштердин отчёту угулуп, баш имам-хатибдерге эл менен иштөө жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Ал эми  ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү облус  аймагындагы  мечиттер жана диний окуу жайлар өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча формалардын мөөнөттөрү жөнүндө маалымат берип, терс диний агымдар менен иш алып барууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да көмөктөшө тургандыгын билдирди.