Панфилов имамдарына жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы борбордук мечитте облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жергилүктүү жамаат менен жолугуп, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюча үгүт-насаат иштерин жүргүздү.

Андан соң Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы мечитте облус казысы райондун имамдары менен жолугушуу өткөрүп, 2024-жылга Казыяттын бекитилген иш планын аткаруу алкагында  бир катар тапшырмаларды берди. Алсак:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу;

– Мечиттердин тазалыгын кароо, ишембиликтерди уюштуруу;

– Каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин тездетүү;

«Жогорудагы айтылган маселелерди элге жеткирүүдө жана аткарууда сиздердин ордуңуздар чоң. Эл ичиндеги ар түрдүү маселелерди тереңден билесиздер! Ар кандай мааракелерде жогоруда берилген тапшырмаларды элге жеткириңиздер», – деди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жыйында.