Ысык-Көл: «Балыкчы» мечити оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ысык-Көл облустук казыятынын иш планына ылайык, Балыкчы шаарындагы «Балыкчы» атындагы мечитти оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ремонт иштерин мечит имамы Абдурахман Алиев демилгелесе, калаа тургуну Нурбек Талканбаевдин демөөрчүлүгү менен ишке ашууда.

«Мечиттин сырты сырдалып, ичине жаңы жайнамаздар төшөлүп, айлана-тегереги тазаланып, келген адамдарга жакшы шарт түзүлүп, жарыктандырылып, шаарыбыздын көркүнө-көрк кошуп калды. Учурдан пайдаланып мечитте кызмат кылган имамга , анын жардамчысына, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, Жараткан Алла Тааладан иштерине ийгилик, тапканына береке тилейбиз», – деди Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.