Ноокат райондук хатибият кызматкерлери селден жабыркаган үй-бүлөлөрдөн кабар алды

Кечээ, 4-июль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибиятынын кызматкерлери селден жабыркаган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, акчалай жардам көрсөттү.

Буга чейин Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров селден улам кайтыш болгондордун жакындарынан кабар алып, акыркы сапарга узатуу иштеринде жергиликтүү дин кызматкерлери менен активдүү катышкан.

Ошондой эле, баш имам-хатибдин орун басары Имамидин ажы Мамасадыков изилдөө иштеринде ыктыярчы элди уюштуруп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү кызматкерлерине жардам беришкен.