Жалал-Абад шаарында кызамык жана көк жөтөл боюнча тегерек стол өттү

Жалал-Абад шаардык мэриясында азыркы тапта күчөп жаткан кызамык, көк жөтөл илдеттеринин алдын алуу боюнча кезектеги тегерек стол өткөрүлдү. Анда атайын адистер менен катар шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев да катышты.

Жыйында саламаттык сактоо кызматкерлери оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма – адамдарды массалык түрдө эмдөө экенин түшүндүрүп, аны коомчулукка жеткирүүгө имамдардын көмөгү зарыл экени айтылды.

Ал эми шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев коомдогу көйгөйлүү маселелер менен катар жугуштуу ооруулардын алдын алууда эмдөөнүн өз убагында алынышы боюнча дин кызматкерлери бул жаатта тынымсыз иш алып барып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле имамдар гепатит, ковид жана башка жугушту оорулардын алдын ала эмдөөлөрүн өз убагында алдын алууга жума намазы окулган мечиттерде айтыларын, бул иштер дайыма улантыларын кошумчалады. Ага улай тийиштүү адистер менен биргеликте жугуштуу оорууларга каршы эмдөө жөнүндө түшүндүрүү иштери ар бир аймакта өткөрүү сунушун  баш имам-хатиб Мелисбек ажы Тургунбаев тарабынан берилди.