Чүй: Мечиттердин документтери жана имамдардын өздүк маалыматтары электрондоштурулат

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, жыйынга КМДБнын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев катышты. Жыйында Давранбек ажы Жунусалиев Азирети Муфтийдин буйругунун негизинде имамдардын жана мечиттерди муфтияттын бирдиктүү маалыматтык базасына каттоо боюнча Азирети Муфтийдин бекиткен талаптары менен тааныштырып, төмөнкү тапшырмаларды берди.

– имамдардын өздүк маалыматын камтыган иш кагазын электрондук документтештирүүгө даярдоо;

– мечиттер жөнүндө толук маалыматты камтыган электрондук документтештирүүгө даярдоо;

– Электрондуштурулган документтерди Муфтияттын бирдиктүү электрондук базасына жүктөө;

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятына караштуу райондук жана шаардык баш имам-хатибдер берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсымдоону жоопкерчиликке алышты.

Мындан сырткары баш имам-хатибдерден казыяттын иш планынын аткарылышы жөнүндө жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар өткөндүгү жөнүндө отчёттук маалыматтар алынды. Алынган маалыматтын негизинде жылдын биринчи жарым жылында мечиттерде өткөрүлгөн жума баяндарда радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында 410 баяндама айтылганы маалым болду. Облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баш имам-хатибдерге жыл аягына чейин иш планда көрсөтүлгөн иш мерчемдерин толук жана так аткарууну тапшырды.