Дастан ажы Мамаев сел кесепетинен кайтыш болгон үй-бүлөнүн жакындарына көңүл айтты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев үстүбүздөгү жылдын 1-июль күнү сел кесепетинен улам кайтыш болгон үй-бүлөнүн жакындарына көңүл айтты.

Айта кетсек, 1-июль күнү жааган катуу жамгырдан улам Кара-Кулжа районунда сел жүргөн. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Тектир айылынын тургуну аялы, бала-чакасы болуп унаасы менен баратып, үй-бүлөсү менен кошо селден улам кайтыш болгон.