Дин кызматкерлери Молдовановкадагы жоокерлерге тартипке баш ийүү боюнча лекция окушту

Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан 2024-жылга бекитилген иш планынын негизинде 2024-жылдын 2-июлунда мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча казыят өкүлү, Беш-Күңгөй айылындагы «Шергазыкулмухаммад» мечитинин имамы Нуркалый Муратбеков менен Кайырма айылынын мечитинин имамы Райымкул Дүйшөналиев менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан аскердик коргоо батальонунун жоокерлерине ынтымак, биримдик, тартипке баш ийүү жана ошондой эле экстремизм-терроризмге каршы туруу темаларынын тегерегинде баяндама жасады.

Үгүт-насаат иштеринин алкагында аскер жоокерлери суроолорду берип, канааттандырарлык жооп ала алышты жана ислам багытында түшүнбөгөн маселелер боюнча собол узатып, жооп алышты.

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын бул иш-чарасына аскер жетекчилери ыраазычылык билдирип, ай сайын келип, ушундай тарбиялык мааниси бар, ынтымакка, биримдикке чакырган жана мусулман жүзүн көрсөткөн сабактарды өтүп туруу боюнча талап бар экенин билдиришти.