Чүй: Экстремизге каршы коллегиалдуу-консультативдүү кеңешүүчү органдын аймактык комиссияларынын жыйыны өткөрүлдү

Чүйдө Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөгү» мыйзамдын айрым жоболорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын, ошондой эле КМДБнын 2024-жылга карата иш планынын тиешелүү пункттарын аткаруу максатында облустук деңгээлде экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча коллегиалдуу-консультативдүү кеңешүүчү органдын аймактык ведомстволор аралык комиссияларынын жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат кызматкерлери, Чүй облусу боюнча акимдердин орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматкерлери, Чүй облустук мусулмандарынын казыятынын өкүлү, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө маселелер жана чечүү жолдору каралды. Ошондой эле Чүй облусунда уюштурулуучу жайкы диний лагерлер Муфтияттын бекитилген Жобосуна ылайык уюштуруу керектиги баса белгиленип, тиешелүү органдардын тыкыр көзөмөлгө алуу зарылчылыгы айтылды.