Жалал-Абад шаарында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад облустук ЖКККБ менен биргеликте бир катар такси айдоочулары менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Баш имам-хатиб жакын арада Жалал-Абад шаарына футбол боюнча 5 өлкөдөн оюнчулар келишерин, ага карата күйөрмандык кылып ар тараптан көрүүчүлөр агылышын айтып, келген коноктор такси кызматын пайдалануу үчүн кайрылганда аларга нарктаманы атайын көтөрүп жогорулатпай, сылыктык жана меймандостук менен кызмат көрсөтүү керектигин билдирди.

Ошондой эле Ош-Бишкек каттамдарындагы айдоочуларга да кайрылып, «Ылдамдыкты ашырбай, унааны эрежеге ылайык көрсөтүлгөн ылдамдыкта айдап, машинаңыздарга түшкөн жолоочулардын өмүрү сиздердин колуңуздарда экенин сезип, жоопкерчилик менен жеткизсеңиздер. Ал эми шаарыбыздын ичинде автобус айдаган бир туугандар, элди салганда көрүнгөн жерде кол көтөрсө мыйзамды бузуп токтобой, тескерисинче аялдамалардан гана токтоп салыңыздар», – деп билдирди.