Абдулла бин Аббас Куран жаттоо медресесин 38 бүтүрүүчү аяктап, 8 студент Куран санжырасын алышты

«Абдулла бин Аббас» Куран жаттоо медресеси 2023-2024-жылдагы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, «Ихсан-хайрия» кайрымдуулук фондунун директору Мухаммад Магомедов, медресенин негиздөөчүлөрү Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан Ислам университетинин тышкы иштер боюнча жооптуу адиси Бакыт ажы Ниязов жана ата-энелер катышты.

Азирети Муфтий бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, билимди мындан ары да улантуу керектигин билдирди.

«Абдулла бин Аббас медресесин 38 бүтүрүүчү аяктап, алардын арасынан 8 окуучу Куран санжырасын алышкандыгы абдан чоң жетишкендик. Биз билим берүү тармагына абдан олуттуу мамиле жасап жатабыз. Сандан сапатка өтүү учуру келди»,-деди Азирети муфтий.