Ысык-Көл казыятында жыйын өтүп, мекеме адистерине тапшырмалар жүктөлдү

Бүгүн, 8-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустук казыяттын коллегиалдык жыйыны өтүп, аны облус казысы Самидин кары Атабаев алып барды. Жыйналышта Азирети Муфтийдин КМДБны өнүктүрүү планындагы аймактык диний мекемелерге байланыштуу пункттарын аткарууга алуу, ысырапкерчиликтин алдын алуу, радикализм жана экстремизмге каршы иш алып баруу боюнча талкуу өтүп, иш мерчемдер бекилди.

«Бүгүн ислам жылсанагынын жаңы жаңырган 1446-жылынын мухаррам айынын алгачкы күндөрүндө турабыз. Мухаррам айы динибиздеги куттуу айлардын бири болуп саналат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дал ушул мухаррам айында Меккеден Мединага көчкөнү маалым. Ушул жыйыныбыз берекелүү болсун. Мындагы кабыл алган чечимдерибиз кайырлуу болуп, койгон максаттарыбыз Алла Тааланын колдоосу менен ишке ашсын», – деди Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев.

Облус казысы өз сөзүндө эл ынтымагын ширетүү, исламдагы жана нарк-насилдеги меймандостук баалуулугун күчтөндүрүү, табиятка жана көлгө аяр мамиле, матуридилик акыйдасы жана ханафилик мазхабын өнүктүрүү боюнча токтолуп, мекеме адистерине тиешелүү тапшырмаларды жүктөдү.