Самидин кары Атабаев Ысык-Көл казыятынын жаңы имаратынын курулушунан кабар алды

Бүгүн, 8-июль күнү Самидин кары Атабаев баштаган Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын эмгек жамааты мекеме имаратынын курулушунан кабар алды.

«Жалпыңыздарга маалым болгондой, буга чейин башталган казыятыбыздын имаратынын курулушу жүрүп жатат. Эми мындан ары да баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, имаратты ыкчамдык менен бүткөрүүгө аракет кылалы. Казыят кеңсебиз бүтүп калса, көл кылаасында Алла Тааланын ак динине болгон кызмат дагы да жакшырат деп үмүт кылабыз. Ушул кезге чейин курулуш иштерине жакындан жардам берген бир туугандарыбызга да, мындан кийин жардам колун узатуучуларга да Жаратканым береке берип, эки дүйнөнүн жакшылыктары менен сыйласын», – деди Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев.

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров да казыяттын курулуш иштери менен таанышып, салым кошкон бардык инсандарга ыраазычылык билдирген.