Максат Атабаев казыяттардын пресс-катчыларына онлайн жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берди

Бүгүн, 9-июль күнү КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев аймактык катчыларга онлайн жыйын өткөрүп, бир катар маселелерге токтолду. Алсак;

– Аймактык казыяттардын ишердигин коомго жогорку деңгээлде чагылдыруу;

– Маалымат чөйрөсүндө туура нуктагы диний материалдарды көбөйтүү;

– Диний мекемелердин техникалык базасын чыңдоо;

– Интернет мейкиндигинде активдүү болуп, жаңылыш түшүнүктөр жана фейк маалыматтар менен биргеликте күрөшүү;

–  Радикализм жана экстремизмге каршы иш алып баруу;

– Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым  кошуу.

«Маалымат абдан маанилүү каражат экени баарыбызга маалым. Андыктан диний мекемелердин ишмердүүлүгүн ыкчам, сапаттуу жана мазмундуу түрдө чагылдырышыбыз керек. Ошондой эле салттуу ислам негиздери жана баалуулуктары боюнча материалдар талап кылынат. Текст даярдообу, видеоматериал жасообу, айтор өз ишибиздин майын чыгаралы. Ислам динин жеткирүү биздин мекемедеги функционалдык милдет гана эмес, диний милдетибиз да болуп саналат», – деди бөлүм башчы.

Максат Атабаев Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, КМДБнын маалыматтык агартуу саясатын жакшыртуу жана өнүктүрүү багытында жумуштар жүрүп жатканын айтып, мындан ары чыгармачылык жана жаратмандык менен иштөө тапшырмасын берди.