Ошто экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар-тренинг өтүп, салттуу диндин концепциясы талкууланды

Кечээ, 8-июль күнү Ош шаарындагы “Раян” мейманканасынын жыйындар залында облустук милициянын кызматкерлери үчүн экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, жарандардын бул уюмдарга азгырылуусун алдын алуу, коомчулуктун диний маалымдуулугун жогорулатуу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.

Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан демилгеленип, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков бул иш-чарага катышып жаткан милиция кызматкерлерине экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү боюнча ИИМ тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берип, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын   жана 2023-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын аткарылышына кенен токтолду.

Андан сырткары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлөмүнүн башчысы Султанали Гапуров, теология илиминин докторлору Самаган Мырзаибраимов менен Сайфулла Базаркулов диний агымдардын пайда болуу себептери жана коомго тийгизген таасири, жарандардын диний сабатсыздыгын жоюу, жаштар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, салттуу диндин концепциясы жөнүндө айтып беришти.

Семинар-тернингге катышкан милиция кызматкерлери экстремизмдин жана  терроризмдин кесепеттери, мыйзамдарда каралган кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери жергиликтүү тургундар арасында жүрүп жатканын айтышып, Ош  облусунда коомдук абал көзөмөлдө экенин билдиришти.

Аягында экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын аткарган иштерине токтолушуп, жаралган көйгөйлөр боюнча айрым маселелер талкууланды.