Самидин кары Атабаев КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 9-июль күнү Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят жамааты КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен жолугушту. Жолугушууда ысырапкерчиликтин алдын алуу, нарк-насил, тазалык, билимге көңүл буруу, салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу, радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча калайыкка түшүндүрүү ж.б. маселелер талкууланды.

Жолугушууда облус казысы жылуу кабыл алуу үчүн Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө ыраазычылык айтып, биргелешкен иш пландарга жанаша эле жарандардын руханий өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды биргеликте жүргүзүү зарылдыгын билдирсе, Уланбек Далиев казы баштаган диний мекеменин эмгек жамаатына ийгилик каалап, ар убак тыгыз иштешүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Айта кетсек, жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов да катышып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча кыскача токтолду.