Мурзабай ажы Бердикулов: «Баткен облусунан ажыга барган 644 жаран сак-саламат кайтып келди»

Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда Баткен облусунан ажылык сапарына кеткен ажылар кайтып келишти. Ажылык сапардан келе жаткан жарандарды жергиликтүү жетекчилер, дин кызматкерлери жана алардын жакындары тосуп алып, кыргыз элинин аманчылыгы, жергебиздин тынчтыгы, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бата кылынды. Ажылар жергиликтүү бийликтин, дин кызматкерлеринин мындай колдоосуна ыраазычылыктарын билдиришти.

“Ажылыкка сапар алган Баткен облусунун тургундары Жидда-Ош жана Мадина-Ош багыттары боюнча түз аба катамы менен кайтып келишти. Бул жылы облусубуздан 644 адам ажылык сапарына барган болсо, аларды 16 ажы башчы коштоп жүрдү. Ажылардын баары аман-эсен. Уюштуруу тобуна ыраазы”, – деди Баткен облусу боюнча ажылык иштерин уюштуруу куратору Мурзабай ажы Бердикулов.