Абибилла ажы Кадырбердиев Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Чоң-Алай районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында райондун акими Мирбек Шамырканов менен жолугушуп, райондогу диний кырдаалды жөнгө салуу, эл арасында ынтымакты бекемдөө, диний сабаттуулукту жогорулатуу, жаштардын адеп-ахлагын жакшыртуу жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча сүйлөшүлдү.

«Биз Ош облустук казыятынын баш имам-хатибдер менен өтүүчү жыйынын ар бир райондо көчмө жыйын жана жалпы имамдарга бир теманын алкагында семинар өткөрүп келүүдөбүз. Мына бүгүн түзүлгөн планга ылайык сиздердин районго келип калдык. Буйруса жыйындан соң, райондогу жалпы имамдар үчүн «Ысырапка эмес, жакшылыкка жумшаңыз» аттуу семинар уюштурулат. Ысырапкорчулуктун алдын алуу жаатында райондун баш имам-хатиби менен биргеликте тыгыз иш алып барасыздар деген ишеничтебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов да ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Өлкө башчыбыздын жарлыгына ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуудагы тиешелүү талаптарды аткарууда дин кызматкерлери менен ар дайым биргеликте кызматташууга даярбыз», – деди район акими Мирбек Шамырканов.

Айта кетсек, аталган жолугушууга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери, Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков, Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жана райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери катышты.