Абибилла ажы Кадырбердиев: «Жакшылык кылуу дасторкон жайып, чай берүү менен гана чектелбейт»

Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Чоң-Алай районунда уюштурулуп, андан соң райондогу жалпы имамдарга «Ысырапка эмес, жакшылыкка жумшаңыз» аттуу семинар өткөрүлдү.

Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев төмөнкү маселелер боюнча токтолуп өттү:

— Мечиттердин абалын жакшыртуу;

— Имамдардын кадыр баркын көтөрүү;

— Жакшылык иштерди жасоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү;

— Ысырапкорчулуктун алдын алуу.

«Исламда үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүүдө арамдан кайтарган, андан башка тиешелүү чектөөлөр айтылган эмес. Бирок маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты боюнча ийне-жибине чейин так айтылган. Маркумду акыркы сапарга узатууда адам акысына көңүл буруп, аласа-бересеси болсо, аны мурас эсебинен төлөп берүү маркумдун акыреттеги абалы үчүн  зарыл болуп саналат. Ал эми аза күтүп жаткан үйдө 3 күнгө чейин маркумдун мал-мүлкүнөн ихсан бербеш керек. 3 күн өткөндөн кийин мүмкүнчүлүгү жетсе, ыктыярдуу түрдө ихсан берсе болот. Андан ашып, артынан сооптору жетип туруусун кааласаңыз жакшылык кылыңыздар. Жакшылык иштерди кылуу – бул дасторкон жайып, чай берүү менен гана чектелбейт. Садака жарыя кылуу иштери жол, көпүрө, мечит-медреселерди, социалдык объектилерди куруу болуп, анын сообу ар дайым үзгүлтүксүз жетип турат», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле, аталган семинар алкагында алгылыктуу иштеп келе жаткан 6 имамга казыяттын Ардак грамотасы тапшырылды жана райондогу жалпы имамдарга Ош облустук казыяты тарабынан даярдалган «Имам Аъзам Абу Ханифанын тавхид жөнүндө осуяты» аттуу чакан китепче таратылды.

Айта кетсек, Ош облустук казыятынын көчмө жыйынынын алкагында райондук хатибияттын имаратын, бөлмөлөрүн жакшыртуу каралган жана анын натыйжасында Чоң-Алай райондук хатибиятынын бөлмөлөрү жеңил оңдоп-түзөөдөн өтүп, ички эмеректери жаңыланды.