Жаңы-Жер айылында аялдарга багытталган жыйын өткөрүлүп, улуттук наркты сактоо боюнча лекция окулду

2024-жылга карата Чүй облустук казыяты тарабынан бекитилген иш пландын алкагында казыят демилгеси менен Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, Сокулук районунун баш имам хатибинин орун басары Ускенбай ажы Каландаров жана казыяттын өкүлү Каныгул Дүйшөеванын катышуусунда Жаңы-Жер айылындагы жашоочу аялдар үчүн жыйын өткөрүлдү.

Жыйында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү”, “Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” жана “үй-бүлө бактылуулугу” темалары боюнча баяндамалар айтылып, үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында пикир алышуулар болуп, жыйын катышуучулары башка айыл аймактарда да ушул өңүттөгү жолугушууларды өткөрүүнү өтүнүштү.