КМДБда диний абал талкууланып, кызматкерлердин жарым жылдык отчёту угулду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында муфтияттын кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Жыйын кереметтүү Куран менен башталып, Жараткан Алла Тааладан тынчтык, береке тиленди. Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров бекитилген иш мерчемге ылайык муфтият кызматкерлеринин жарым жылдык отчётун угуп, айрым кызматкерлердин жумушун жогору бааласа, иши канаттандырарлык эмес кызматкерлерге оозеки эскертүү берди.

«Биздин жумушубуз дүйнө иши эмес, дин иши. Андыктан өз ишибизди ыкластуулук, берилүү менен аткарып, функционалдык милдеттерибизди көз жаздымда калтырбайлы. Биздин мекеме диний администрация болгондуктан, мындагы кызматкерлерден профессионалдуулук, заман талабына жараша ойлонуу, ийкемдүүлүк, жакшы мамиле, кооз адеп-ахлак, башкаларга үлгү болуу талап кылынат. Мекемебизде айрым адистиктерден сырткары дээрлик баарынан терең диний билим талап кылынат. Анткени эл аралаганда же медиага барганда чукул суроолор берилип калышы мүмкүн. Өзүбүздү өнүктүрүп, динибизге, элибизге, өлкөбүзгө ак кызмат кылалы. Жалпыңыздарга маалым болгондой, азыр салттуу эмес диний багыттар, деструктивдүү агымдар күчөп жатпайбы. Аларга каршы калем менен куралданып, илимий күрөш жүргүзүү биздин милдет», – деди Азирети Муфтий.

Жыйында Аалымдар Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана аткарууга жолдонгон токтомдор талкууланып, протоколдук тапшырмага ылайык атайын комиссиялар түзүлдү. КМДБнын алдында түзүлгөн бул иш топтору диний чөйрөдө салттуу ислам конценциясын күчтөндүрүү, ислам динин жамынган радикализм жана экстремизм менен күрөшүү, салттуу эмес агым өкүлдөрүнүн диний мекемелерде иштешине жол койбоо, дин кызматкерлеринин жана жарандардын кийим маданиятынын үстүндө иш алып баруу, жума мечиттеринде илимге жана фактыга негизделген баяндарды күчтөндүрүү, ДОЖдордо Ата Мекенди сүйүү жана патриоттуулукка үндөгөн предметтердин көлөмүн көбөйтүү ж.б. иш алып барышат.