Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган облустук дин кызматкерлери «Чоң-Алай» медресесин зыярат кылышты

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер Чоң-Алай районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында «Чоң-Алай» медресесин зыярат кылышты.

Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев медреседе кыскы мөөнөттүү курста окуп жаткан жаш өспүрүмдөргө илим талап кылуу жана адептүүлүк боюнча баяндама жасап, окууларына ийгиликтерди каалады.

«Буйруса жаңы медресе ишмердүүлүгүн баштаптыр. Кыска мөөнөттүү окуу курсунда окуп жатсаңар да, алгачкылардан болуп окуу силерге насип кылган экен. Буйруса бул жерден илим талап кылуу менен биргеликте адептүүлүктү да мыкты өздөштүрүп алгыла. Мектепти бүтүргөндөр болсо, жаңы окуу жылына карата абитуриент болуп, окууга тапшырсаңар болот. Илим талап кылууда эң маанилүүсү адеп сактоо болуп саналат. Алган илимиңер сырттагы адамдарга байкалбашы мүмкүн, бирок адеп ар бир жерде сыйга татыйт», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Казыяттан билдиришинче, «Чоң-Алай» медресеси райондогу 1983-жылы туулган тургундардын демөөрчүлүгү менен курулуп, эсептик каттоодон өткөн. 2024-2025-окуу жылына карата алгачкы абитуриенттерди кабыл алуу алдында турат. Учурда жайкы лагерге тиешелүү талаптарды так аткарып, айылдагы жаш өспүрүмдөр үчүн окуу курсу уюштурулган.