Азирети Муфтий: «Максатыбыз да, мазхабыбыз да бир»

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров үгүт-насаатчылар тобун кабыл алды. Кабыл алууда КМДБ жетекчиси исламдын асыл баалуулуктары, ишеним негиздери жана тартиптери боюнча токтолуп, «Кыргыз эли ислам Орто Азияга келген кылымдан бери мусулманчылыкты карманып келет. Биздин аймакта матуридилик-ханафилик калыптанып, ондогон кылымдар бою өкүм сүрүүдө. Биздин чөлкөмдөн не бир улуу аалымдар, олуялар, окумуштуулар жетилип чыгып, ислам дүйнөсүндө аттын кашкасындай өзгөчөлөнүп турушат. Башка мусулман элдеринин аалымдары биздин залкар аалымдарга ар убак суктанып жана таңданып, Мавераннахр аалымдарына өтө чоң урмат кылышат. Ушундай зор ислам мурасына жана казынасына ээ боло туруп, дин маданияты жагынан бизден кескин айырмаланып турган жана салыштырмалуу артта калган кайсы бир элдерди кумир тутуп кетпешибиз керек», – деди ал.

Азирети Муфтий өз сөзүндө тазалыкка маани берүүнү, ысыраптын бардык түрлөрү туура эместигин коомчулукка жеткирүүнү, руханий кызмат жолунда бирге иш алып барууну айтты: «Ислам баарыбызды бириктирет. Баарыбыз эле колдон келишинче Алланын ыраазычылыгын табуу, пайгамбарыбызга (с.а.в.) татыктуу үммөт болуу, динге, элге, өлкөгө кызмат кылуу жолунда жүрөбүз. Кураныбыз – бир, кудайыбыз – бир, кыбылабыз – бир, пайгамбарыбыз – бир, акыйкатыбыз – бир, акыйдабыз – бир, максатыбыз – бир, мазхабыбыз – бир. Талаша турган эч нерсебиз жок. Андыктан бири-бирибизди угуп, эл-журтка чогуу-чаран кызмат кылалы».