Самидин кары Атабаев Тосор айылынын тургундары менен жолугушту

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылына болгон иш сапарынын алкагында элет тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Мечитте өткөн жолугушууда келген адамдарга ден соолуктун аманаттыгы, аны сактоонун зарылдыгы, динибиздин баалуулуктары жөнүндө баяндама жасады:

«Алланын элчисинин (с.а.в.): «Ашказанды үч бөлүккө бөлгүлө. Бир бөлүгүн аба үчүн, бир бөлүгүн суу үчүн жана калган бир бөлүгүн тамак үчүн бөлгүлө» деген маанидеги сөзү организмдин тамакты сиңирүүсүнө кыйынчылык келтирбей тамактанууга үндөйт. Бир жагынан бул ден соолукка кам көрүү болуп саналат. Шариятыбыз адам баласынын динин, жанын, мал-байлыгын, урук-тукумун жана абийир, ар-намысын коргойт. Биз жашообузда ушул негиздерге баш ийип жашасак, ошондо шариятка ылайык өмүр сүргөн болобуз. Анткени булар шарияттын асыл максаттарынан”, – деди облус казысы.

Облус казысы баянында элге мусулман киши адеби, адамдарга мамилеси менен эле үлгү боло алары, ханафий мазхабын, матуриди акыйдасын кармануунун зарылдыгы туурасында токтолду. Ошондой эле радикализм жана экстремизмден абай болууну, бул нерселердин динге тиешеси жоктугу, ысыраптан сак болууну, улуттук нарк менен диний наркты айкалыштырып жашоону, көзү өткөн адамдар үчүн ыксыз чыгашага жол берип, эстеликтерди тургузбоону айтты.

Самидин кары намаздан кийин Тосор айылына жаңы дайындалган имам Бекзат Алышбаевди элге тааныштырып, иштерине ийгилик кааласа, мурдагы имам Каныбек Курманбек уулуна ыраазычылык билдирди.