Ош шаардык жана Баткен облустук казыяттары тажрыйба алмашты

Баткен обусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирлан ажы Токтомушовдун демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 12-13-июль күндөрү казыяттардын тажрыйба алмашуу саамалыгы өттү. Анын алкагында Ош шаардык казыятынын кызматкерлери тажырыйба алмашуу максатында иш сапары менен Баткен казыятында конок болушту. Конокторду Баткен казыятынын кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Ош шаардык казыят кызматкерлери Баткен шаарындагы жума намазы окулуучу мечиттерде жума баянын өтүштү.

Жума намазынан соң коноктор Баткен казыятынин имараты менен таанышып, ар бир адистин ишмердиги тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Баткендеги тарыхый жайларга саякат уюштурулуп, казыят кызматкерлеринин ортосунда футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү.

Ош шаардык казыят кызматкерлери иш-чара пайдалуу болгонун айтып, үй ээлерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле достук, тажрыйба алмашуу иш-чарасы уланып турарын баса белгилешти.