Талас облусунда жалпы район имамдарына жыйын өткөрүлдү

Талас облусунда жалпы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, ага Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, КР ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, КР ИИМдин Талас облусундагы 10-бөлүмдүн кызматкерлери, райондук укук коргоо кызматкерлери, район баш имам-хатибдери жана облустагы жалпы имамдар катышты.

Жыйын Кыргызстан мусулмандарынын АКнын токтому жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, бир канча маселелер каралды. Алсак;

— Жума баянын бирдиктүү хутбанын негизинде жүргүзүү;

— Имамдардын бирдиктүү формасы;

— Жергиликтүү укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып баруу;

— Салттуу динди, б.а. Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасын жайылтуу;

— Эл менен тыгыз иш алып баруу;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу.

«Биздин өлкөбүздө дин тутуу эркиндиги ар бир адамга берилген. Дин тутууга чектөө киргизилбеген эркин, демократиялык өлкө. Бирок ушундай эркиндикти кадырлабаган кээ бир адамдардын кылган иштери зээн кейитет. Буга  кечээги Бек-Абаддагы болгон окуя далил. Андыктан элибизге салттуу динди кеңири түшүндүрүп, жайылталы. Ар кандай экстремисттик жана террористтик уюмдарга кириптер болбоосу үчүн дин кызматкерлери өзгөчө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Кудай Таалам бөлүнүп-жарылуудан баарыбызды сактасын!», – деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

КР ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов өз сөзүндө: «Урматтуу имамдар! Сиздер мекенибиз,элибиздин ынтымагы жана дин үчүн ак кызматыңыздарды кылып келесиздер! Мындан ары да элибизди биримдикке, ынтымакка чакырып иштеше берели! Ал эми токтоло турган орчундуу маселе, мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттерди тезирээк каттоодон өткөрүүнүн аракетин кылыңыздар», – деди.

«Сиздер жалпы эле адамдарга үлгүсүздөр! Адамдар сиздерди угат. Ошол себептен биз оозеки, кээде кагаз түрүндө жол кырсыгын алдын алуу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, суицидге каршы жана эмдөө боюнча жума хутбасында кошумча маалымат берүүнү кайрылып, суранып келебиз. Сиздер болсо аябай жеткиликтүү маалыматтарды берип келесиздер. Мындан ары да биргеликте иш алып барууга даярбыз», – деди Талас ОИИБнин 10-бөлүм кызматкери.

Эске салсак, жыйын Талас жана Бакай-Ата районунун имамдарына казыят кеңсесинде, ал эми Айтматов жана Манас районунун имамдарына Айтматов районунундагы «Ансор» мечитинде өткөрүлдү.