Жети-Өгүздө табият кырсыктарына байланыштуу түлөө өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаратылыш кырсыктарына байланыштуу түлөө өткөрүлдү. Түлөө самаалагына өкүлчүлүк, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облус казысы Самидин кары Атабаев баштаган диний кызматкерлер катышты.

«Илгертен ата-бабаларыбыз кырсык чалганда же табият кырсыктары катталганда Алла Таалага жалынып, түлөө өткөрүшкөн. Кан чыгарып, жакырларды тойгузган. Баары топтолуп, алакан жайып, Жараткандан тынчтык, амандык, береке тилешкен. Бүтүндөй айыл же шаар элинин чын ыкластан дуба кылып, жалбарып суранышы Алла Тааланын ырайымын келтирип, кырсык жана жамандыктардан оолак болууга өбөлгө түзөт деп ишенилген», – деди облус казысы өз сөзүндө.

Айта кетсек, түлөө Куран менен башталып, Куран менен жыйынтыкталды. Анын алкагында жалпы эл-журтка, өзгөчө сел кырсыгынан жабыр тарткан Ош шаары үчүн дуба кылынып, өлкөгө тынчтык жана өнүгүү тиленди.