Алайда «Пайгамбарым Мухаммад» аттуу китеп окуу конкурсу болуп өттү

Кечээ, 14-июль күнү Ош облусуна караштуу Алай райондук хатибияты тарабынан «Пайгамбарым Мухаммад» аталышында Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өмүр баяны боюнча китеп окуу конкурсу өткөрүлүп, жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

Жеңүүчүлөр:

1-орун Жаңы-Алай айылынын тургуну Таалайбеков Чыңгыз – 20 миң сом;

2-орун Мурдаш айылынын тургуну Азизилла уулу Эгемжар – 15 миң сом;

3-орун Гүлчө айылынын тургуну Нуркаримов Бексултан – 10 миң сом;

4-орун Таш-Короо айылынын тургуну Туратбек уулу Урматбек – 5 миң сом.

Ошондой эле, ар бир катышуучуга пайдалуу китептер берилди жана жакшы жыйынтык көрсөткөн 21 адамга акчалай сыйлык тапшырылды.

“Бул конкурстун негизги максаты, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өрнөктүү өмүр жолун, жаркын жашоо таржымалын район тургундарына жакындан таанытуу болуп саналат. Экинчиден, китеп – адам баласына эң жакшы дос. Ошол себептен, элибиздин китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу тилеги менен уюштурулду. Эң жаш катышуучубуз 12 жашта болсо, эң улуусу 85 жаштагы ажы атабыз болду. Бул өзгөчө саамалыкка демөөрчүлүк кылгандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Кудай Таала эки дүйнөнүн жакшылыгын насип кылсын”, – деп билдирди Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, аталган конкурстун демөөрчүсү Алай районунун тургуну Раимкул уулу Жапардын үй-бүлөсү болду.