Нематулла ажы Жээнбеков Ноокен районунун борбордук “Нур” мечитинин курулуш иштеринен кабар алды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ноокен районуна болгон жумушчу сапарында райондун борбордук “Нур” жума мечитин зыярат кылып, андагы курулуш менен таанышты.

Облус казысы курулуштун сапатына, документ иштерине тыкыр көңүл буруу зарылдыгын айтып буларга токтолду:

“Жаратканга шүгүр айталы. Биздин мамлекетте дин тутуу эркиндиги, элдин ислам динине болгон көз карашы, ишеними абдан жакшы. Ошондуктан ар бирибиз жасап жаткан ишибизге жоопкерчилик менен кылдат мамиле жасайлы. Ушул жайдын курулушуна демөөрчүлүк кылып жаткан инсандардан Аллахым ыраазы болсун. Алардын ар бир аманатын туура, так жана сарамжалдуу пайдалангыла. Эң башкысы кагаз иштерине так болуп, курулуштун талаптарын сактагыла. Жасалып жаткан ар бир курулуш тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен чогуу макулдашылып жасалсын. Эртең курулуш туура эмес болуптур, кызыл чийинге туура келип калыптыр же жолго чыгып кетиптир деген маселе болбосун”.

Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков келечекте райондук хатибияттын башкы кеңсеси да борбордук мечиттин короосуна куруларын, курулуш, анын каржылык иштери, баары жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Соңунда облус казысы райондун баш имам-хатиби баш болгон демилгечи топко, курулуш иштерин жасап жаткан усталарга, каржылык жактан колдоо көрсөтүп жаткан жергиликтүү тургундарга ыраазычылык сөзүн айтып, ак батасын берди.