Ноокен районундагы “Мээрим” диний окуу борбору жаңы окуу жылына даярдалып жатат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда курулуп жаткан “Мээрим” кыздар диний окуу борборунун курулушу аяктап, жаңы окуу жылына карата ачылуу алдында турат. Аталган окуу борбордун курулушу, ал жайдагы түзүлгөн шарттар менен облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков таанышты.

Облус казысы: “Билим алуу бешиктен кабырга чейин. Ошондуктан элибизге таза, салттуу динди жеткирүүдө окуу борборлорубуздун, медреселердин, мечит, хужуралардын таасири чоң. Ошондуктан диний таалим-тарбия берүүдө этияттык, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз шарт. Анткени ар түрддүү терс агымдар, интернет баракчаларындагы түрдүү азгырык, чакырыктар адамдын пикирин бузуп, адаштырып коюшу мүмкүн. Буйруса бул борбор коомубузга пайдасы тийген, жаштарга туура багыт көрсөткөн, элибизге таза динди жеткирген бир чоң борбор болот деп ишенебиз. Бүгүн борбордун курулушу толугу менен бүтүп докумен иштерин толуктоо этабы жүрүп жатат. Кагаз иштери бүтсө жаңы окуу жылына карата ачылып калат деп үмүттөнөбүз”, – деди.

Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун айтымында, “Мээрим” кыздардын диний окуу борборунун курулушу 2023-жылдын февраль айында Доктор Сайиддин каржылоосу менен курулган. Окуу борбор үч кабаттан туруп, 100 окуучуга ылайыкташкан. Анда кыз-келиндер үчүн бардык шарттар каралган.