Токтогул районуна жаңы баш имам-хатиб дайындалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун баш имам-хатиби болуп Айбек ажы Токтогул уулу дайындалды. Жаңы дайындалган райондун баш имам-хатибин жергиликтүү жамаатка облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков тааныштырды. Тааныштырууда облус казысы:

“Урматтуу жамаат, райондогу диний абалды жакшыртууга жигердүү салым кошкон, жамаатты дайыма биримдик менен ынтымакка үндөгөн, райондун мурдагы баш имам-хатиби Алипбай ажы Борошбаев Токтогул эли үчүн талыкпай кызмат кылды. Бир райондо 11 жыл баш имам-хатиб болуу, эбегейсиз эмгекти, күчтү жана сабырды талап кылат. Аллах Таалам Алипбай ажыбызга бекем ден-соолук, өмүр, ырыскысына береке, үй-бүлөсүнө аманчылык берсин. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты ажыбыздын эмгегин эске алып “Ардактуу имам” наамын ыйгарып жатабыз. Дайыма эл арасында кадыр-баркыңыз, урматыңыз арта берсин”, – деди.

Райондун баш имам-хатиби кызматына дайындалып жаткан Айбек Токтогул уулу 1990-жылдын 15-августунда Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында туулган. Билими жогорку. Бишкек шаарындагы Ислам институтун 2010-2015-жылдары окуп, “Араб тили мугалими” адистигине ээ болгон. Үй-бүлөлүү; 3 уул, 1 кыздын атасы.

Иш-чара соңунда облус казысы, райондун аксакалдары Алипбай ажы Борошбаевге ыраазычылык айтышып, жаңы дайындалган райондун баш-имам хатибине ак батасын беришти.