Нематулла ажы Жээнбеков: “Жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу иш алып барганда жакшы натыйжа болот”

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Айна Нават кызы менен жолугуп, жаңыдан дайындалган райондун баш имам-хатиби Айбек Токтогул уулун тааныштырды.

Жолугушууда тараптар райондогу диний абалды жакшыртуу, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен жакындан кызматташуу, КР Президенти С. Жапаровдун №54 жарлыгын ишке ашыруу, эл арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, ыксыз чыгымдарды азайтуу, элди терс агымдардан алыс болууга чакыруу, жаштардын таалим-тарбиясы менен бирге жүрүм-турумун жакшыртуу жаатында чогуу иш-чараларды уюштуруу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, жаштар арасындагы наркомания, эрте никеге турууга жол бербөө ж.б.у.с. бир топ маселелер талкууланды.

Соңунда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Айна Нават кызы жаңы дайындалган райондун баш имам-хатиби Айбек Токтогул уулун жоопкерчиликтүү кызматы менен куттуктап, “Буйруса, алдыда сиз менен бирге жасай турчу жумуштар абдан көп. Эл кыдырып, жамааттар менен жакындан кызматташабыз. Казы дамла, атайын убактыңызды бөлүп, биздин районго келиптирсиз, сизге ыраазычылык билдиребиз”, – деди.