Ош облусу жана Ош шаарындагы дин кызматкерлерине масштабдуу жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 15-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдорун аткаруу максатында Азирети Муфтийдин орун басары Жолдош ажы Абдылдаев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиевдерден турган комиссия өлкөнүн түштүк аймагына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош облусу жана Ош шаарынын дин кызматкерлерине борбордук «Имам Аль-Бухарий Алай» мечитинде жыйын өткөрдү.

Аталган жыйында Жолдош ажы Абдылдаев дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы боюнча баяндама жасап өттү. Ал эми Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү, улуттук колоритке жана жергиликтүү маданиятка туура келген кийимдерди кийүү, сакал коюунун өкүмү боюнча баяндама жасаса, Жоробай ажы Шергазыев: «Жаштарга сабак берүүдө туура багытта тарбиялоо зарыл. Анткени диний сабатсыздыктан улам туура эмес кадамдарга баргандар болду. Дин кызматкерлери алардан кабар алып, түшүнбөгөн диний суроолоруна туура жообун айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Негизинен элге түшүндүрүү иштеринде, сабактарда, жума баяндарында жакшы даярдык көрүп, толук кандуу маалыматтарды жеткирели. Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын бекем карманалы», – деп билдирди.

Ал эми Азамат ажы Исмаилов: «Буйруса дин кызматкерлери бирдиктүү формага өтөт. Жалпы дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө терең билимге ээ болууга аракеттенүүсү керек. Сириядан алынып келинген жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө же жаштарыбызга диний баалуулуктарды жеткирүүдө толук кандуу маалыматтарды жеткирели. Өзгөчө Мекенге болгон сүйүү, мамлекеттик символдорду сыйлоо тууралуу баяндамаларды жасоо керек», десе, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүгө токтолгон Давранбек ажы Жунусалиев: “Мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө кайдыгер карабайлы. Мечиттин жабылып калуусуна себепчи болуп калбаңыздар. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап эсептик каттоодон өткөрүп, мыйзамдуу түрдө иш алып баралы. Буйруса каттоодон өткөн мечиттердин электрондук базасын түзүүдө жогорку этаптарга өтөбүз», – деп белгиледи.

Иш-чара соңунда сел кырсыгынан жабыр тарткан Ош шаары үчүн дуба кылынып, Мекен үчүн тынчтык жана амандык суралды.

Айта кетсек, аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус аймагындагы ДОЖ мүдүрлөрү менен устаздар жамааты, райондук хатибият кызматкерлери жана шаар имамдары катышты.