Ош шаардык казыятында кезектеги жыйын өтүп, жаңы дайындалган орун басарлар жамаатка тааныштырылды

Бүгүн, 15-июль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында калаадагы дин кызматкерлерине айлык жыйын өтүп, шаардык казыятка жаңы дайындалган казы орун басарлары тааныштырылды.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы жалпы мечиттер, алардын баш имамдары жөнүндөгү маалыматтар КМДБ тарабынан даярдалып жаткан электрондук базага катталып, санариптик форматта тиркеле тургандыгы айтылды.

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн жыйында айтылган токтомдор, буйруктар боюнча иш алып барыла тургандыгын айтып, жалпы имамдардын бирдиктүү формалары, экстремисттик көз караштарды алдын алууда казыят менен биргеликте иш-чараларды уюштурууну тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын 1-орун басары болуп Муратали кары Мамадияр уулу дайындалганы боюнча буйрук тааныштырылды.

Муратали кары Мамадияр уулу тууралуу:

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 1991-жылы 17-мартта жарык дүйнөгө келген.

Билими:

2010-2011-ж.ж. Кыргызстан ислам университетинде окуган;

2011-2016-ж.ж. Стамбул университетинде,

2016-2018-ж.ж. Кыргызстан ислам университетинде,

2018-2020-ж.ж. И. Арабаев атындагы КМУда магистратура бөлүмүн аяктаган.

Эмгек тажрыйбасы:

2019-2023-ж.ж. Бишкек шаарындагы “7-апрель” мечитинде имам болгон.

Ошондой эле башка буйрук менен Ош шаарынын казысынын орун басары болуп дайындалган Каныбек ажы Жусупов да жамаатка тааныштырылды.

Жусупов Каныбек ажы тууралуу:

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында 1971-жылы 15-июлда төрөлгөн.

Билими:

1999-2004-ж.ж. Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин,

2003-2007-ж.ж. Ноокат районундагы “Молдо Таабалды” атындагы медресесин араб тили жана шарият бөлүмүн аяктаган.

Эмгек тажрыйбасы:

2006-2009-ж.ж. Ноокат шаары, “Рукоя” мечитинде имам-хатиб;

2009-2014-ж.ж. Диний кызматтарды аркалаган;

2010-2024-ж.ж. Ош шаарындагы “Рабат Абдуллахан” мечитинде имам-хатиб болуп эмгектенген.