КМДБ коммиссиясы Каракол шаарында семинар өткөрдү

Кечээ 15-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан атайын түзүлгөн коммиссия мүчөлөрү Ыйман кербенинин алкагында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында казыят кызматкерлери, шаар-райондук баш имам-хатибдер, медресе мүдүрлөрүнө семинар өткөрдү. Иш-чарага Азирети Муфтийинин орун басарлары Мухаммад ажы Аноркулов, Асан ажы Сыргабаев, КМДБ кызматкерлери Равшан ажы Эратов, Кызырбек ажы Жээнбеков, КР ДИМК Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл ОИИБдин өкүлү Акжол Шеримкулов, укук коргоо кызматкерлери жана облус казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер, медресе мүдүрлөрү катышты.

Семинар Куран окуу менен башталып, КМДБ кызматкерлери докладдарын окушту. Жыйындын жүрүштүндө облустагы дин кызматкерлеринин ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын элге жеткирүүсү, дин кызматкерлеринин өзүн алып жүрүү этикасын жакшыртуу, экстремисттик, радикалдык көз караштардын алдын алуу, адамдардын Мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, патриоттук сезимдерди ойготуу, дин кызматкерлеринин илим-билим менен алдыга умтулуусу жана башка маанилүү маселелер талкууланды.

«Азыркы учурда өлкөбүздөгү мусулмандардын ынтымагы, биримдиги зарыл болуп турат. Ошол себептен Аалымдар Кеңеши тарабынан атаын токтомдор бекитилген. Ар бир диний кызматкер КМДБнын уставына ылайык иш алып баруусу керек. Ушул жерде отурган ар бирибиз жамаатыбызга анализ жүргүзүп, туура эмес агымдарга жаштардын, жалпы элдин кириптер болуп калуусун алдын алуубуз кажет. Оболу жамааттар ортосунда ынтымакты бекемдөөдө кызматкерлердин ролу чоң», – деп белгиледи Мухаммад ажы Аноркулов.

Ал эми Асан ажы Сыргабаев Кыргызстанда илгертеден ата-бабабыз карманып келген ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын кармануу керек экендигин айтты: «Урматтуу катышуучулар, биздин аталарыбыз карманып келген, жашообузга мамыр-жумур аралашып калган эле жолду кармануубуз зарыл. Анткени ошол жол бизди канча кылымдардан бери ынтымакта, биримдикте кармап келген».

Равшан ажы Эратов өлкө ичиндеги жамааттар, дин кызматкерлердин кийими, этикасы, экстремисттик көз караштар тууралуу баяндама жасап: «Өлкө аймагында жамааттык деп бөлүнүү таптакыр динге туура келбейт. Кээде жамааттын кызыкчылыгы исламдын кызыкчылыгынан жогору болуп кетип жатат. Мындайды токтотушубуз керек. Ага ушул жерде отурган дин кызматкерлери, биз себепкер бололу», – десе, Кызырбек ажы Жээнбеков патриоттуулук, Ата Мекенди сүйүү, мамлекеттик түзүлүш жөнүндө сөз сүйлөдү.

«Акыркы убактарда светтик деген термин көп колдонулуп, кээ бирлер аны туура эмес түшүнүп алып динге каршы деп ойлой берет экен. Чындыгында андай эмес. Мен аны Шейх Усаманын сөзү менен айтып берейин. Ал айтат: «Светтик мамлекет – бул өзүнүн элинин дин тутуусуна шарт берген өлкө» деген. Ошонун сыңары биздин өлкө да светтик мамлекет болуп эсептелет. Анын ичинде ар түрдүү ишенимдер, диндер бар, демек, алардын дин тутунуусуна шарт түзүп берет», – деди Кызырбек ажы Жээнбеков.

Облус казысы Самидин кары Атабаев: «Канчалаган доорлордон бери көптөгөн адашкан агымдар чыгып келген, бирок ошолордун бири да Орто Азияга кирген эмес. Аларга себеп матуриди акыйдасын карманган аалымдарыбыз аларга каршы турушкан», – деп ахлу сунна вал жамаат аалымдары, жаңылыш агымдар жөнүндө токтолду.

Укук коргоо органдарынан келген өкүлдөр мамлекетте тыюу салынган агымдар менен иштөөдө дин кызматкерлеринин жардамы абдан чоң экендигин билдирип, биргеликте түшүндүрүү иштерин дайыма алып барууну айтышты.

Жыйындын соңунда экстремисттик, радикалдык көз караштарга каршы туруу, дин кызматкерлери үчүн бирдей форма бекитүү, ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын жайылтуу жана жарандарды патриоттук сезимдерди ойготуучу баяндамаларды, жыйындарды өткөрүү чечими кабыл алынды.