Чүйдөгү баш имам-хатибдерге жана мүдүрлөргө жыйын өткөрүлүп, протоколдук тапшырмалар берилди

Бүгүн, 16-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын жыйындар залында Чүй облусундагы райондук баш имам-хатибдерге жана аймактагы окуу жай мүдүрлөрүнө жыйын өткөрүлдү.

Жыйын касиеттүү Куран окуу менен башталып, эл-журтка биримдик, Мекенге тынчтык, өлкөгө өнүгүү, динге бекемдик тиленип, селден жабыркаган Ош шаары үчүн атайын дуба кылынды.

Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов салттуу исламдын зарылдыгына токтолду:

«Азыр баарыбыз айтып жаткан салттуу ислам – бул ахли сүннөттүн матуридилик акыйдасы жана ханафилик мазхабы дегенди туюнтат. Башкача айтканда, матуридилик жана ханафилик салттуу ислам деп аталат. Азыр баарыбыз ушул жолго бирикпесек, акыбети жакшылык болбойт. Ата-бабаларыбыз илгертен ушул жолду тутунуп келишкен. Тилекке каршы, азыр түрдүү-түрдүү агымдар көбөйүп, салттуу исламга асылып, эл арасында ынтымакты кетирүүдө. Андай агымдар менен күрөшпөсөк, алардын радикалдык жана экстремисттик идеялары эл арасына жайылып кетүү коркунучу бар. Андыктан баарыбыз бир муштумга биригип, ынтымакта бололу. Бөлүнүп-жарылбайлы. Жамааттарга бөлүнүп алып, ыркырашуу исламдын биримдик эрежесине каршы келет», – деди ал.

Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев адеп-ахлак маселесине кеңири токтолуп, «Ислам мусулмандарды кооз адеп-ахлакка тарбиялайт. Азыркы учурларда кээ бир адамдар адепсиз болуп кетти. Намаздын фарздары, ваажибдери бар болгондой эле адептери да бар. Тилекке каршы, кээ бирлер эң улук ибадат болгон намазда да өздөрүнүн адепсиздигин көрсөтүшүп, ибадаттын адептерин такыр сактабай калышты. Исламдын коломтосу болгон мечиттерде фитна жасашып, ыркты кетиришүүдө. Мына ушунун өзү эле көйгөйдү көрсөтүп турат. Азыр ушундай адеби жокторду, мазхабсыздарды, акыйдасы кыйшыктарды жакшы айтып токтотуп, тарбияга, жакшылыкка чакырууга убакыт келди», – деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө муфтият кызматкери Кызыр ажы Жээнбеков мамлекеттик түзүлүш жана дин эркиндиги жөнүндө сөз кылса, КМДБнын фатва адиси Равшан ажы Эратов радикализм жана экстремизмдин кесепеттерине токтолду. Ал эми Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз Чыныбеков аймактагы диний абал, диний ишмердүүлүк жана диний билим берүү жөнүндө маалымат берсе, укук коргоо орандары жана ОИИБ өкүлдөрү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги жана жоопкерчилик, ошондой эле мйзамдуулук жөнүндө сөз сүйлөштү.

Иш-чара соңунда жогоруда каралган маселелер боюнча чечимдер кабыл алынып, баш имам-хатибдерге жана ДОЖ жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, өлкөдөгү диний маданиятты жакшыртуу жана диний чөйрөдөгү биримдикти сактоо боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтомдору бекилип, КМДБга аткарууга келип түшкөн. Токтомдорду аткаруу боюнча КМДБнын алдында атайын комиссиялар түзүлүп, ыйман кербендери уюшулуп, жер-жерлерде жолугушуулар өтүп жатат.