Баткенде салттуу динди өркүндөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 16-июль күнү КМДБ жетекчилигинин демилгеси, Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу менен Баткен мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыйын өттү. Саамалыкта Ханафи мазхабын жана Матуриди акыйдасын жайылтуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюу, жума баянын бирдиктүү хутбанын негизинде жүргүзүү, имамдардын бирдиктүү формасы, жергиликтүү укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып баруу жана эл менен тыгыз иш алып баруу маселелери талкууланды.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы менен бирге эле ДИМК Баткен облустук өкүлү жана УКМКнын Баткен  облусундагы өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Иш-чарага конок катары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, КМДБ фатва жана диний адабияттар бөлүм башчысы Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев катышты.

Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков ачып, иш-чарага ийгиликтерди каалады. Андан соң сөздү Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев улантты.

“Учурда өлкөбүздө диний чөйрөнү эркин өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлдү. Диний уюмдардын ырасымдык, социалдык, өндүрүштүк-чарбалык ишиндеги чектөөлөр алып салынды. Мамлекет менен конфессиялардын ортосундагы цивилизациялык мамилеге негиз салынды, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалог, социалдык өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлдү. КР Диний чөйрөдөгү концепциясы кабыл алынып, анда КМДБга, казыяттарга тиешелүү багыттарын ишке ашыруу, салттуу ислам динин, Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын жайылтуу, ата-бабаларыбыз тутунуп келген динди өркүндөтүү, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюу жаатында жана дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы боюнча жигердүү иштер аткарылууда”, – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Ал эми Жоробай ажы Шергазиев  дин эркиндигин туура колдонуп, Ханафи мазхабын туура жеткирип, Матуриди акыйдасынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына, терс диний агымдардын алдын алууда имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу керектигине токтолуп,  дин кызматкерлерин ынтымакты сактоого, бири-бирин колдоого чакырып, мечиттер ибадаттар аткарылчу берекелүү жер экенин, мечитке келген жарандарга жакшы мамиле кылып, диний кызматты жогорку деңгээлде жүргүзүү, аманатты так аткарып, татыктуу имам болууга үндөп, Муфтият тарабынан берилген тапшырмаларды, буйрук, чечимдерди өз убагында жана имамчылык кызматты жоопкерчилик менен аткаруу тапшырмасын берди.

Ошондой эле КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов имамдардын бирдиктүү формасын ишке ашыруу керектигин баса белгилеп, “Жаштарды ыймандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакырып, туура тарбия берүү зарыл. Мекенди сүйүү, эмгекчилдикке тарбиялоо боюнча диний окуу жайларда Кыргызстан тарыхы окутулушу маанилүү”, – деди.

Жыйындын жүрүшүндө мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүгө токтолгон Давранбек ажы Жунусалиев: “Мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүгө  кайдыгер карабайлы. Мечиттин жабылып калуусуна себепчи болуп калбаңыздар. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап эсептик каттоодон өткөрүп, мыйзамдуу түрдө иш алып баралы. Буйруса каттоодон өткөн мечиттердин жана имамдардын  электрондук базасын түзүүдө жогорку этаптарга өтөбүз», – деп белгиледи.

Жыйындын аягында ДИМК Баткен облустук өкүлү, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы жана УКМКнын Баткен  облусундагы өкүлү Баткен облусундагы диний абал тууралуу өз пикирлерин айтып, тыгыз кызматташууга чакырды.

Ал эми  Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш-чарага колдоо көрсөткөн жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматкерлерине, шаар-райондордун баш имам-хатибдерине, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен берилген тапшырмаларды так аткарууга чакырды.