Кара-Кулжа районунун борбордук мечити жаңыланат

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун борбордук «Азирети Билал» мечитинин ордуна заманбап мечит куруу максатында эски мечит бузулуп жаткандыгын райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев билдирди.

«Райондогу борбордук мечитибиз 1990-жылдары эл абалы оор болсо да, кыйынчылык учурга карабастан, ашар жолу менен курган. Учурда эскилиги жеткенине байланыштуу, хатибият тарабынан демилге көтөрүлүп жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы, заманбап мечит куруу үчүн эски мечиттин ордун бошотуп жатабыз. Мечит куруу үчүн чет өлкөлүк фонддорго кайрылбай эле, өзүбүздүн райондун кулуну салып жаткандыгы кубандырат», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Ошондой эле, мечиттин курулуш ишине кошумча Кара-Кулжа райондук хатибиятынын имаратын салуу да пландалган.