Жалал-Абад: «Акниет-Аманат» кайрымдуулук фонду дагы бир үй-бүлөнү кубантты

Кечээ, 16-июль күнү Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи шаарчасында “Акниет-Аманат” кайрымдуулук фонду тарабынан бир үй-бүлөгө эки бөлмөлүү үйдүн ачкычы тапшырылды. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, үйдүн курулушуна салым кошкон ишкерлер, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Акниет-Аманат” кайрымдуулук фонду менен Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты дайыма биргеликте тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келгендигин, бир эле муктаждарга үй салуу менен чектелбестен бир канча бейтаптардын оор дарттардан аруулуусуна, чет өлкөдө жасалуучу кымбат баадагы операцияларына жакындан жардам бергенин айтып буларга токтолду.

«Болуп жаткан саамалыктан ала турчу пайдалуу сабактар өтө көп. Мен айрымдарына гана токтолоюн. Канчалаган колунда бар, акчалуу, бай адамдар бар. Бирок, кимге кантип жардам берүүнү биле беришпейт. Фонддун жетекчиси Медер мырза мына ошондой инсандарды таап, алар менен сүйлөшүп бир канча муктаждардын муктаждыктарын чечүүгө себепчи болду. Бүгүн ачкычы тапшырылганы турган бул үй аталган фонд тарабынан курулган 31-үй экен. Демек, бул дегени 31 үй-бүлө кубанып, алардын жашоого болгон үмүтү жаңыланды деген сөз. Жаңы үйгө кирүү алдында турган Куттубек мырза жөнүндө айткым келди. Турмуштун ар түрдүү сыноолоруна чыдабай жашоодон үмүтүн үзүп, кээ бир учурларда өз өмүрлөрүнө кол салган адамдар жана окуяларын угуп-көрүп жүрөбүз. Куттубек мырза өзү балдар үйүндө өскөндүгүнө карабай, турмуштан ордун таап, үй-бүлө күтүп, ар кандай сыноолорго сабыр кылып, алты перзентине өмүрлүк жубайы менен чогуу татыктуу тарбия берип келүүдө. Биз көзүбүз менен көрүп жүргөн, инсандын эт-жүрөгүн тилген коомдогу бир көрүнүштү айткым келет. Бүгүн колунда бар, бир эмес, ондогон балдарды багууга даремети жете турган үй-бүлөлөр канчалаган балдардын өлүмүнө себепчи болушууда. Кантип багабыз деген шылтоо менен төрөлбөй жатып аборт кылынууда. Аллах Таалам алсыз, акылсыз пенделердин күнөөлөрүн өзү кечирсин дейли. Куттубек таксырым жакшы инсандар себепчи болуп салынган үйүңүз куттуу, берекелүү үйлөрдөн болсун. Урпактарыңыздан мураттаб карылар, аалымдар, муслим жана муслималар чыксын. Ушул үйдүн салынышына себепчи болгон жакшы адамдардан Аллахым ыраазы болсун. Коомубузда колу ачык, берешен, жоомарт инсандарыбыз көп болсун», – деп дубасын берди.

Үй ээси Куттубек Мамыров жубайы Мээрим  Жолчубек кызы менен бирге өмүр сүргөнүнө бул жылы 15 жыл болорун, бул өткөн аралыкта 4 уул 2 кыздуу болгонун, балдардын улуусу 13 жашта болсо, кичүүсү 7 айлык экенин айтып, “Балдар үйүндө тарбияландым, турмуштун түрдүү сыноолоруна кабылдым. Жубайым менен барга шүгүр, жокко канат кылдык. Жараткандан жакшылык гана тилеп, «байлыгыбыз – балдарыбыз» деп жашадык. Кудайга шүгүр, эл арасында жакшы адамдар көп. Кандай кылабыз, эптеп балдарыбыз үчүн үй-жай кылып алсак экен деп карайлап турганда мынтип күтпөгөн жерден кубанычка бөлөнүп үйлүү болуп олтурабыз. Жараткан Алла Таалам бизге, биздин үй-бүлөбүзгө жакшылык кылган ар бир инсанга ыраазы болсун. Биз баарыңыздардан ыраазыбыз”, – деди.

Эске салсак, «Акниет-Аманат» кайрымдуулук фонду 2018-жылы түзүлгөн. Бул өткөн аралыкта 150дөн ашуун бейтаптын чет өлкөдөн операция жасалышына, үйгө муктаж 31 үй-бүлөнүн үйлү болушуна себепчи болгон.