КМДБнын алдындагы аалымдар комиссиясы Нарынга иш сапары менен барды

Бүгүн, 17-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Мухаммад ажы Аноркулов жана Асан ажы Сыргабаев башында турган аалымдар тобу Нарын облусуна иш сапары менен барып, аймактагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүштү.

Саамалык Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдорун жана Азирети Муфтийдин №237-238 буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, бир катар маселелер талкууланды. Алсак;

– Калайыкка диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;

– Салттуу исламдын, тактап айтканда матуридилик акыйдасы жана ханафилик мазхабынын терең жайылышына өбөлгө түзүү;

– Салттуу эмес, деструктивдүү, обочо «диний» көз караштардын жайылышынын алдын алуу;

– Радикализм жана экстремизмдин кесепеттерин жана исламга тиешеси жоктугун коомчулукка туура жеткирүү;

– Ысырапкорчулукту болтурбоого салым кошуу;

– Илимге жана фактыга негизделген баяндамаларга басым жасоо;

– Улуттук нарк-насилди даңазалоо жана баалуулуктардын манипуляция кылынышына жол бербөө;

– Улуттук маданиятка төп келбеген, коомго өөн кийим-кечелер боюнча иш алып баруу;

– Мечиттерде жана ДОЖдордо мекенчилдикке багытталган баяндардын жана предметтердин көлөмүн көбөйтүү.

Айта кетсек, КМДБнын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйыны Нарын облусунун Кочкор районундагы «Айша» мечитинде өтүп, Азирети Муфтийдин жогоруда аталган орун басарларынан сырткары КМДБ кызматкерлери Равшан ажы Эратов, Кызырбек ажы Жээнбеков, Нарын ОИИБинин ЭММКАК башчысы Даянир Халиков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Эрик ажы Молдокулов баштаган казыят кызматкерлери, жума мечит имамдары жана аймактагы ДОЖ жетекчиликтери катышты.