Ош шаарынын казысы диндеги аша чабуу жана анын кесепеттери тууралуу лекция окуду

Бүгүн, 17-июль күнү Ош шаарындагы аялдардын диний окуу жайларындагы асылзаттарга жана шаардагы айымдарга сабак өткөрүлүп, аялдарга тиешелүү айрым маселелер боюнча баяндар айтылды. 500 дөн ашуун айым катышкан сабакта Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов диндеги аша чапкандык жана анын кесепеттери, исламдагы аялзатынын укук-милдеттери, ханафи мазхабы, диндеги кийим талабы, чен-өлчөмдөрү жана маданияты боюнча лекция окуду.

Шаар казысы кийим-кече боюнча ханафий мазхабындагы фатваларды айтып, никабдын аялдар үчүн мустахаб амал экендигин түшүндүрдү. Ал азыркы учурда аялдардын бир тобу аша чаап, кээ бир маселелерди жалпы мусулман аялзаты үчүн оорлоштуруп жатканын айтты.

«Жаңыдан намаз окуп, динге кызыгуусу жаралып жаткан айымдарга кээ бир аялдар терс мисал болуп калган учурлар бар. Айталы, мустахаб болгон кийимди кийген аялдар фарз болгон хижабды кийүүнү каалаган аялдарга жылуу эмес маанай жаратып, терс таасирин тийгизүүдө», – деди өз баяндамасында.

Лектор баяндамасынын соңунда диндеги аял-эркектердин аврат эсептелген жерлерин эскертип, кайсы жерлерди жабуу фарз экенин айтып, дарегине жолдонгон суроолорго жооп берди.