Лейлекте жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, тийиштүү тапшырмалар берилди

Бүгүн, 17-июлда Баткен обустук мусулмандарынын казыяты тарабынан Лейлек районунун мамлекеттик администрациясында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарындагы жалпы имамдарга, диний окуу жайлардын кызматкерлерине жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын мечиттер жана үгүт-насаат адиси Махмуд ажы Курбанбаев, Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек ажы Абдугапар уулу, Сулүктү шаарынын баш имам-хатиби Абдужалил ажы Бекаевдер  катышты.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтомдору жана КМБДнын буйруктарын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, алгач Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева райондогу диний абал жөнүндө сөз сүйлөп, казыят тарабынан аткарылып жаткан иштерди Лейлек районунун мамлекеттик админстрациясы колдоого аларын, дин кызматкерлери менен тыгыз иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Андан соң облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйрук жана тапшырмаларын жеткирди. Ага ылайык, Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын жайылтуу, бул багытта окуу сабактарын, сынактарды уюштуруу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюу жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен иш алып баруу, дин кызматкеринин бирдиктүү формасы боюнча жигердүү иштерди жүргүзүү, улуттук маданиятка төп келген кийимдерди кийүү, чет өлкөдө, шаарларда жүргөн билимдүү жаш адистерди кызматка тартуу боюнча шаар-райондун баш имам-хатибдерине тапшырмаларды берди.

Ал эми казынын орун басары Муса ажы Жолдошов: “Диний окуу жайларда Мекенди сүйүү, эмгекчилдикке тарбиялоо боюнча Кыргызстан тарыхы окутулушу маанилүү. Анда улуттук нарк, адеп-ахлак, терс агымдардан оолак болуу тууралуу сабактар өтүлүшү керек”, – деди.

“Терс диний агымдардын алдын алууда имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусу керек. Мечиттер ибадаттар аткарылчу берекелүү жер, ошондуктан мечитке келген жарандарга жакшы мамиле кылып, үлгүлүү имам болууга чакырам. Муну менен катар мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү жанданталы. Жакында  мечиттердин жана имамдардын электрондук базасын түзүү боюнча жогорку этаптарга өтүлөт», – деп белгиледи казыяттын мечиттер жана үгүт-насаат адиси Махмуд ажы Курбанбаев.

Жыйындын соңунда Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери аймактагы диний абал тууралуу өз пикирлерин айтып, казыят жана хатибияттарды тыгыз кызматташууга чакырды.