Борбор калаада диний окуу жай жетекчилерине жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Бүгүн, 18-июлда КМДБнын конференция залында Бишкек шаары жана Чүй облусундагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдору жана Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун буйрук-тапшырмалары жеткирилди.

КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов жыйында, «Муфтияттын түзүмүндөгү диний билим берүүчү мекемелерди жана окутууну реформалоо, бир системага түшүрүү боюнча жетекчиликтин конкреттүү пландары бар. Анын алкагында алгачкы иштер башталган. ДОЖ студенттеринин мекенчилдик сезимин арттыруу максатында окуу программасына Ата Мекенди сүйүү, Кыргызстан тарыхы өңдүү факультативдик предметтерди киргизип жатабыз. Ошондой эле студенттердин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мыкты-мыкты конок лекторлорду чакырып, атайын жолугушууларды өткөрүүңүздөрдү сунуш кылабыз. Же болбосо АК, муфтият, казыяттардагы дин аалымдарын чакырып, илимий семинар уюштурсаңыздар толук колдойбуз», – деп билдирди.

Аппарат жетекчи өз сөзүндө ДОЖдордо адеп-ахлакты күчөтүү, улуттук наркты даңазалоо, акыйдалык билимди тереңдетүү, бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат топтомун түзүү, бөлүнүп-жарылууга жана жамаатташууга жол бербөө, окуу жайлар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча тапшырма берип, сунушталган факультативдик предметтердин план-программасын тез арада бекитүүнү тапшырды.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек ажы Усманов Мекенди сүйүү жана мамлекеттик символикаларга урмат көрсөтүү боюнча токтолсо, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев биримдик жана салттуу ислам боюнча кыскача баяндама жасады.