Жалал-Абад шаарынын имамдары “Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” аттуу китеп боюнча тестирлөөдөн өтүштү

Жалал-Абад шаардык хатибияты шаардагы имамдар арасында “Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” аттуу китеп боюнча сынак жарыялаган. Кечээ, 17-июнь күнү имамдар сынактын шартына ылайык алгачкы тестирлөөдөн өтүштү. Тестирлөөгө шаардагы 36 имамдын 28 и катышты. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков сынактын жалпы катышуучуларына, шаардык хатибияттын ишине ийгилик каалап,

“Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде: “Бир саат илим талап кылуу түн бою кылынган ибадаттан жакшыраак, бир күн илим алуу үч айлык нафил орозодон жакшыраак” деген. Ошондуктан илим алуудан, изденүүдөн токтобойлу”, – деди.

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев иш-чаранын негизги максаты шаар имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу, имамдар арасында ынтымак жана достукту бекемдөө экенин айтып буларга токтолду:

“Сынак үч этап менен болот. Анда имамдарыбыз “Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” аттуу китептин даарат, намаз жана нике бөлүмү боюнча тест тапшырышат. Бүгүн атайын түзүлгөн комиссия имамдарыбыздан жогоруда аталган китептин даарат бөлүмү боюнча билим деңгээлин текшеришет. Берилген тесте жалпы 27 суроо камтылган. Сынактын шарты боюнча ар бир туура жоопко калыстар экиден балл коюшат. Сынак үч ай бою жүргүзүлөт. Соңунда жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет”.