Ноокат райондук хатибиятынын демилгеси менен «Молдо Нурмат» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бүгүн, 18-июль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин ар бир райондон бирден мечиттин абалын жакшыртуу боюнча берген тапшырмасына ылайык, Ноокат райондук хатибиятынын демилгеси менен Н. Исанов айыл өкмөтүндөгү «Молдо Нурмат» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ноокат райондук хатибияты тарабынан жакшылык иштерди уюштуруу үчүн ачылган «Кайрымдуу муун» фондунун жардамы жана райондогу дин кызматкерлеринин колдоосу менен аталган мечиттин оңдоп-түзөө иштерине 800 миң сом акчалай жардам чогултулган.

«Облус казысы Абибилла дамланын тапшырмасы менен хатибият тарабынан фонд ачтык эле, мына минтип алгачкы мөмөсүн көрүп жатабыз. Фондубуздун түптөлүүсүнө жана өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан райондогу жалпы дин кызматкерлерине ыраазылык билдиребиз. Бүгүн фонддун жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөн мечиттин ачылышында райондогу жооптуу имамдарды чакырып, бул мечитте алардын да эмгеги бар экендигин баса белгилеп өттүк. Буйруса, фонд аркылуу көптөгөн жакшылык иштерди уюштурууга аракет кылабыз жана башкаларды да салым кошууга чакырабыз», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Мечитти оңдоп-түзөө иштеринде жигердүү кызмат көрсөткөндүгү үчүн баш имам-хатибдин орун басары Имамидин ажы Мамасадыков Ош облустук казыятынын жана Н. Исанов айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле курулуш иштеринде кызмат көргөндөргө да ыраазычылык баракчалары тапшырылды.