Араванда «Улуттук наркты сактоодо аял, мамлекет жана дин» аталышында семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 18-июль күнү Ош облусуна караштуу Араван районунун маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» иш-чаралар планынын 6-10-11-пункттарын аткаруу максатында, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тиешелүү токтомдорун, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун №237 буйругун жана казыяттын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түзгөн беш тараптуу иш-планынын негизинде жалпы айымдар үчүн «Улуттук наркты сактоодо аял, мамлекет жана дин» аталышында семинар өткөрүлдү.

Аталган семинарда Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, райондун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана айымдардан Өктөмкан Абдувалиева, Бибиражаб Абдуллаева, Камола Розиевалар баяндама жасашты.

«Диний билим алууда расмий эсептик каттоодон өткөн окуу жайларга барыңыздар. Азыркы учурда үйлөрдө жашырынып окуунун кажети жок. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө дин тутуу эркиндиги берилген. Эми ушул эркиндиктин, тынчтыктын кадырына жетип, барктап алалы. Шарият боюнча хижаб кийүү фарз экендиги айдан ачык. Аны эч ким талаша албайт. Ал эми паранжа же никаб кийүүнүн өкүмү фарз эмес. Алгач шариятта көрсөтүлгөн фарз амалдарды мыкты деңгээлде аткарып алалы. Учурда фарз калып кетип эле, мустахаб амалды аткарууга кызыккандар көбөйүүдө. Каш коём деп көз чыгарып албайлы. Мыйзамга каршы иш кылып, колубузда бар мүмкүнчүлүктөрдөн куржалак калып кетпейли. Жаштардын мамлекеттик символдорду сыйлоосун, Мекенге болгон сүйүү сезимдерин ойготолу. Жергиликтүү маданиятка туура келген кийимдерди кийүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө бизге жардам катары башкаларга да айтып түшүндүрүңүздөр», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, динди чүмбөт кылган террористтик жана экстремисттик уюмдардын идеологиясы, туура эмес диний агымдардын максаттары жөнүндө айтып, салттуу ислам баалуулуктарын сактоого, Мекенди сүйүү жана мамлекеттик атрибуттарды сыйлоого чакырды.

«Диний маалыматтарды бөлүшүүдө сак болуңуздар. Анткени сиз бөлүшкөн маалымат Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеологиясы тууралуу боло турган болсо, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылып каласыз. Диний билим алуу үчүн ДИМК тарабынан күбөлүк берилип, өз ишмердигин жүргүзүп жаткан диний окуу жайларга барсаңыздар болот. Интернет желесинде диний маалыматтар абдан көбөйдү. Аларды анализдебей туруп окууга болбойт. Туура эмес маалыматтарды окуп алып, адашып калууңуздар мүмкүн. Адашкандардын көпчүлүгү диний сабатсыздыктан улам болуп жатат», – деди ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу.

Айта кетсек, аталган семинар Араван райондук хатибияты тарабынан уюштурулуп, ага 300дөй айым катышты.

Жыйындын соңунда суроо-жооп болуп, район тургундары кызыккан диний суроолоруна жооп алышты.