Караколдо «Салттуу ислам эл ынтымагын ширетет» аттуу жыйын өтүп, зарыл маселелер талкууланды

Бүгүн, 18-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө облус аймагындагы жалпы имамдардын катышуусунда «Салттуу ислам эл ынтымагын ширетет» аталышында жыйын болуп өттү. Иш-чарага КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, ДИМКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, УКМК өкүлү Чыңгыз Молдалиев, ИИМдин экстремизм, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү башкармалыгынан Нурлан Килебаев, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Каракол шаардык мэриясынан өкүлдөр, казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер, ДОЖ мүдүрлөрү жана облус аймагындагы жалпы имамдар катышты.

Жыйынды Айнура Султанбаева алып барып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы боюнча кыскача сөз сүйлөдү. Ал эми Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтомдоруна кеңири токтолуп, салттуу ислам, диний кызматкерлердин жүрүм-туруму, экстремисттик, радикалдык көз караштар, мазхаб кармануунун зарылдыгы жана Мекенди сүйүү тууралуу доклад окуду.

«Акыркы учурларда «салттуу ислам» деген терминди колдонуп келе жатабыз. Бул сөздү кээ бирлер түшүнүшпөй эле «дин салт менен болуп калыптырбы?», «кээ бир салттар туура эмес да» дегендей сөздөрдү айтып жүрүшөт. Чындыгында салттуу ислам дегенибиз, мурдатан биздин Орто Азия эли карманып келген шариятта ханафи мазхабы, ишенимде матуриди акыйдасы, тасаввуфта накшибанди жолу айтылат. Мисалы, «Лаа илааха иллаллах» сөзүн тахлил, «Алхамду лиллаа» сөзүн тахмид деген сыяктуу эле терминдик сөз катары түшүнөлү. Биз диний маселелерибизди мазхабсыз чече албайбыз. Дээрлик бардык маселелерибизди мазхаб имамдары чечмелеп, түшүндүрүп кетишкен. Ошондой эле адеп-ахлак жана такыбалык өтө зарыл маселе. Мусулмандын ыйманы, такыбалыгы кийим-кече, кебете-кешпир менен өлчөнбөйт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) такыбалык ушул жерде болот деп куттуу көкүрөгүн көрсөткөн», – деди облус казысы баяндамасында.

Андан соң Чыңгыз Молдалиев экстремизм, терроризм жөнүндө сөз сүйлөп, «Азыркы тапта радикалдуу көз караш менен карагандар көбөйдү. Анын негизги себептеринин бири илим-билимсиздиктен келип чыгып жатат», – деди УКМК өкүлү.

Жыйында Нурлан Килебаев иш-чара темасы боюнча томөндөгүлөргө токтолуп: «Экстремисттик көз караштагы агымдарды колдоо, алардын материалдарын таркатуу, бөлүшүү дагы жоопко тартылчу иш болуп саналат. Андыктан урматтуу имамдар, элге айтсаңыздар, себеби силердин аркаңыздарда чоң аудитория бар. Туура эмес маалыматка лайк басуу жана башкалар менен бөлүшүү ошол экстремизмге, терроризмге жол ачуу болуп эсептелет», – деген ИИМдин кызматкери дин кызматкерлерин кызматташууга чакырды.

Мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттүүлүк, экстремизм, терроризм боюнча маалымат берген Асылбек Мамбетов буларга токтолуп, «Кыргызстан – демократиялык, светтик, укуктук мамлекет. Өлкөдөгү ар кандай маселелер укуктук негизде чечилет. Ал эми экстремизм, терроризм ислам принциптерине таптакыр карама-каршы келет. Бул туурасында облус казысы да кеңири токтолуп өттү», – деди ДИМК өкүлү.

Кошумчалай кетсек, диний кызматкерлерге казыят тарабынан эл топтолгон жерлерде, ар кандай жыйындарда, баяндарда мамлекеттик символикаларга сый мамиле жасоо, улуттук нарк жөнүндө айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.