Бекназар ажы Жапаров Ноокат шаарынын жаңы дайындалган мэри менен жолугушту

Бүгүн, 18-июль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Ноокат шаарынын жаңы дайындалган мэри Бекболот Эгенали уулу менен жолугушту.

Жолугушуу жакшы маанайда өтүп, Бекназар ажы Жапаров мэрди жаңы кызмат орду менен куттуктады. Тараптар хатибияттын жергиликтүү бийлик менен биргеликте тыгыз иш алып баруусу жана шаардагы диний кырдаал боюнча талкуулашты.

«Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун. Буйруса жакшылык иштерде, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө тыгыз иш алып барабыз деген үмүттөмүн. Жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Жолугушуунун алкагында шаардын мэри жакындан кызматташууга жана алдыда биргеликте аткарылуучу жакшы иш пландар мерчемделгенин билдирди.

«Өлкөнүн тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсү үчүн элдин ынтымагын бекемдөөдө алгылыктуу иштерди пландап жатабыз. Биз тараптан кандай жардам керек болсо, кызматташууга даярбыз», – деди.